БУТУ МЕНЕН БАСЫП, МУРДУ МЕНЕН ТЫНГАНДАР
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жаман-жакшы дебестен дегеле киши аттуунун баары, бүт бардыгы. Кыштак элинин буту менен басып, мурду менен тынгандары толуп келишти («Чалкан»). Буту менен басып, мурду менен тыңгандын баары мылтык атып, жаа тартып, ак маралдын артынан сая кубат (Айтматов). Жайдын толугунда буту менен басып, мурду менен тынган кыргыз дабанды ашып, төр жайлоого көчүшөт (Бейшеналиев).